www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пандемиядан улам мамлекеттердин тышкы карызы жалпысынан 300 триллион доллардан ашып, жалпы дүйнөлүк ИДПнын 350 пайызын түздү. Бул тарыхый максимум экенин РИА Новости агенттиги жазды.

Дүйнөлүк банктын маалыматына караганда, быйыл эң жакыр мамлекеттердин катарына кирген 74 өлкө тышкы карызын тейлөөгө 35 миллиард доллар бөлүшү керек. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 45 пайызга көп (соңку маалымат).

"Пандемия башталгандан бери көптөгөн жакыр мамлекеттер кредиторлордон карыз төлөөнүн мөөнөтүн узартып берүүнү суранып жатат. Албетте, мындай мамлекеттер дүйнөлүк экономиканын өнүгүп же төмөн кетип калышына көп таасир эте албайт. Бирок аларга карыз берген ири мамлекеттер канчалык жоготууга учурап жатканы маанилүү", — дешет Дүйнөлүк банктын адистери.

Мындан тышкары, жакыр мамлекеттердин кимге канча карыз экени тууралуу так маалыматтын жоктугу бир топ көйгөй жаратууда.

"Өзгөчө Африка континентинде жайгашкан мамлекеттер өздөрүнүн карызы тууралуу ачык маалыматты эч жерге жарыялашпайт. Алардын карызын кыскартуу же мөөнөтүн узартуу маселелерин караган эл аралык уюмдар керектүү маалыматтарды дагы бере алышпайт. Анын үстүнө айрым уюмдар берип жаткан карызы тууралуу ачыктабоо шартын коюшат", — деп айтылат макалада.

Ошентип учурда дүйнө тышкы карыз боюнча бир топ оор абалда турат. Башкы банк жакында мамлекеттик дефолт (карыз боюнча милдеттемелерди аткара албай калуу) күч алып, дүйнөлүк экономиканы тушап коёт деген пикирин айтууда.

Белгилей кетсек, жакыр өлкөлөрдүн эң көп бересеси Кытай (149 миллиард доллар) менен Япониянын (107 миллиард доллар) алдында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости