www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каныбек Осмоналиев: «Ар бир өлкөдө №1 авиаборт болушу керек»

«Президент өлкөбүздүн башчысы, Конституциянын гаранты, учак маселесин саясатка айлантпай эле аба каттамын камсыз кылуу керек», - деди бүгүн, 7-февралда NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.

- Каныбек агай, коомчулукта президентке менчик учак жалдатпай самолёт сатып бериш керек, президент мамлектетин жүзү деген пикир арбын айтыла баштады. Чындап эле президентке учак алуу керекпи?

- Бул суроонун өзүн ажиотаж кылып көтөргөндүн өзү абсурд! Албетте ар кандай эле өлкөдө №1 авиаборт болушу керек. Бул азыркы өтө динамикалуу замандын талабы.

Азыр кандай гана тездик менен эл аралык маселелерге катышуу көйгөйү курч турат? Президент өлкөбүздүн башчысы, Конституциянын гаранты. Ошондуктан, бул ишти саясатка айлантпай эле аба каттамын камсыз кылган керектүү учакты сатып алуу өлкөбүздүн эле абийири болот го? Муну эл аралык деңгээлге чейин көбүртүп-жабыртуунун кимге кереги бар, түшүнбөдүм. Менимче, коңшу өлкөлөрдө мындай маселенин көтөрүлгөнүн деги эле байкабадык!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости