www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун жалгыз негиздөөчүсү болуп Саламаттык сактоо министрлиги саналат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2004-жылдын 17-марттагы Саламаттык сактоо министрлиги жана Бишкек шаардык кеңешинин №2 келишиминин негизинде Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын базасында Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борбору түзүлгөн. Ошол учурда анын директору болуп Сабырбек Жумабеков дайындалган.

Ал эми 2017-жылы министрлик менен Бишкек мэриясы ортосунда саламаттык сактоо тармагында кызматташуу боюнча келишим түзүлгөн. Документке ылайык, Саламаттык сактоо министрлиги борбор калаадагы бир катар саламаттык сактоо тармагындагы объектилер менен Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун жалгыз негиздөөчүсү болгон.

Ага ылайык, борбор калаанын саламаттык сактоо уюмдары министрликтин карамагына өткөн. Бирок бул келишим толук аткарыла элек. Бүгүнкү күндө муниципалитет мыйзамда белгиленген тартипте жогорудагы 2017-жылдын келишимин аткаруунун үстүндө иш алып барууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости