www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын соту Улуттук Коопсуздук Комитетинин (УКК) төрагасынын мурдагы орун басары Даулет Ергожинди январь айынын башында өлкөдө болгон баш аламандыкта мамлекетке чыккынчылык кылган деген айып менен камакка алды. Бул тууралуу «КазТАГ» билдирди.
Буга чейин Казакстан УККнын мурдагы жетекчиси Карим Масимов жана анын орун басары Ануар Садыкуловдун камакка алынганы тууралуу маалымат тараган.
Алар мамлекеттик чыккынчылык жана бийликти күч менен басып алууга багытталган аракеттерге шектелүүдө. Өлкөдө иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык, Масимов 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Мурдагы жетекчилер кызматтан кетип, камакка алынгандан кийин Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети өз ишмердүүлүгүн реформалоо боюнча иштерди баштады.
Булак: NazarNews.kg