www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйшөмбүдөн тарта карызы барлардын электр жарыгы өчүрүлөт

Дүйшөмбү күнү, 14-августта Бишкекте “акылдуу” эсептегичтер дебитордук карызы үчүн 3700дөн ашык тиричилик абоненттеринин электр жарыгын аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ​​ишканасы – “НЭСК” ААК филиалынын басма сөз кызматы билдирди.

“Мындай болбошу жана эч ким электр жарыгысыз калбашы үчүн абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө чакырабыз”, - деп билдиришти ишканадан.

Жаран жеке кабинетинин абалы тууралуу маалыматты компаниянын сайтында “Абоненттик баланс” бөлүмүндө жана “Мой жарыгым” мобилдик тиркемеси аркылуу тапса болот. Мындан тышкары, абоненттер балансын төмөнкү номерлер боюнча күнү-түнү иштеген колл-борборго чалып биле алышат:

  • 1209, 105;
  • 0772 00 12 09, 0702 00 12 09, 0556 00 12 09;
  • или написать сообщение на WhatsApp: 0556 00 12 09.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости