www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дем алыш күндөрү Бишкек-Чолпон-Ата унаа жолуна көзөмөл күчөтүлөт. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

«Акыркы күндөрү Ысык-Көл облусунан Бишкек шаарына келе жаткан айдоочулардын катышуусунда жол унаа кырсыктары көп катталууда. Алардын бирден- бир себеби, айдоочулар жол эрежелерин толук сактабай, каттуу ылдамдыкта айдап, каршы тилкелерге чыгып, ашып өтүү маневр жасоо эрежелерин толук сактабай, жол унаа кырсыктарынын 90 пайызына айдоочулар өздөрү себеп болууда»,- дешти.

Ошондуктан, эртеңки дем алыш күндөрү да, жол тескөөчүлөр Бишкек-Чолпон-Ата багыты боюнча каттап жаткан айдоочулардын коопсуздугун күчөтүп, кошумча постторду кою менен жол унаа кырсыктарынын алдын алуу боюнча күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Кечкисин жол тыгындарынын алдын алып, көчөлөрдүн кесилиштеринде жол кыймылын жөнгө салышат.

Айрыкча ылдамдыкты ашырып айдагандарга, каршы тилкеге чыккандарга жана мас абалында транспорт каражаттарын айдаган айдоочуларга каттуу чаралар көрүлөт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости