www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүк Африка Республикасынын президенти Сирил Рамафоса Иранды БРИКС блогуна (Бразилия, Россия, Индия, Кытай, Түштүк Африка) кошууга чакырды. Бул тууралуу ал Тегерандын тышкы иштер министри Амир Абдоллахиан менен сүйлөшүүдөн кийин билдиргенин ирандык Mehr маалымат агенттиги жазып чыкты.

Агенттиктин маалыматына караганда, Рамафоса Түштүк Африка Ирандын достук өлкө катары БРИКСке мүчө болуп кабыл алынышына кызыкдар экенин билдирди. Ал кошумчалагандай, Тегеран бул жагынан Претория толук колдоо көрсөтөт.

Рамафоса ошондой эле Ирандын президентинин расмий сапары учурунда өлкөлөр ортосундагы кызматташтык боюнча документтерге кол коюлуп, андан кийин иш жүзүнө ашат деген үмүтүн билдирди.

Белгилей кетсек, БРИКСтин саммити 23-24-августта Түштүк Африканын Йоханнесбург шаарында өтөт. Ага Ирандын президенти Ибрахими Раиси келүүнү пландоодо.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости