www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте зордуктоого айыпталган жаран 7,5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу борбордун Свердлов районунун прокурорунун жардамчысы Назира Сейдакматова билдирди.

Анын айтымында, ал адам мурда соттолгон жана кылмыш учурунда издөөдө жүргөн.

«Айыпталуучу дүкөндөгү сатуучу кызга өзүн дарыгер катары тааныштырган. Кийинчерээк коркутуп-үркүтүп, арткы бөлмөгө кирүүгө мажбурлап, зордуктаган.

Соттук отурумдун жүрүшүндө соттолуучу күнөөсүн мойнуна алып, кылган ишине өкүнгөн. Анын күнөөсү иштин материалдары, анын ичинде эксперттердин корутундулары менен да далилденген.

Бишкектин Свердлов райондук соту айыпталуучуну 7,5 жылга эркинен ажыратты. Ал күчөтүлгөн режимдеги колонияга киргизилет», - деди Назира Сейдакматова.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости