www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын жараны Жанат Шамиганов «Настоящее время» басылмасынын кабарчысына кыргызстандык үй-бүлө Кариб деңизинде жоголгонун айтып бергенин буга чейин жазганбыз.

Шамиганов маегинде Борбордук Американын 7 өлкөсүн жунгли аркылуу басып өтүп, АКШга кантип мыйзамсыз келгени тууралуу билдирген. Анын айтымында, ал бир нече адам, анын ичинде кыргызстандыктар болгон топтун ичинде болгон. Бир түнү аталган топ Жээк коопсуздук кызматынын көзүнө көрүнбөө үчүн Кариб деңизи менен бара жатышкан.

"Караңгыда кыргызстандык аялдын колунан баласы түшүп кеткен. Артынан аял жана күйөөсү сууга секиришкен. Аларга кайык кайра кайтып барган эмес. Бул жерде кырдаал түшүнүктүү, себеби толкундар чоң жана түнкүсүн катуу ылдамдыкта болот. Ошондуктан алар кайтып келе алган жок", - деп эскерет Шамиганов.

Окуя боюнча Тышкы иштер министрлиги Кариб деңизинде каза болушу мүмкүн болгон кыргызстандык үй-бүлө тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирди. 

"Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилиги Кариб бассейниндеги өлкөлөрдүн тиешелүү органдары менен окуянын чоо-жайын тактоо иштерин жүргүзүүдө. Тиешелүү жооп алынары менен кошумча маалымат берилет",— дешти. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости