www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын аймагында 2023-жылдын 24-июлунан 30-июлга чейин 20 миң 327 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 229;
- Мас абалында автотранспорт каражатын башкаруу – 248;
- Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 51;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 1 548;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4 162;
- Авто ээнбаштык – 7;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 710;
- Жалган мамлекттик номур менен унаа башкаруу – 6;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 9 366.
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 350 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
Булак: NazarNews.kg