www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мыйзамдуу коррупция - көп жеп, аз төлөп кутул...

Кыргызстанда коррупциялык схеманы мыйзамдаштырып бергендей эле окуялар орун алууда. Буга мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирип, элдин ырыскысына кол салган коррупционерлердин "кусту" деген мыйзамда жок түшүнүк менен абактан бошотулуп, үй камагына чыгып кеткен адаттын калыптанышы ачык мисал болот. 

Миллиард жесең, бир нече миллион төлөп чыгасың. Миллион жесең бир нече миң төлөп кутуласың. Эгер миллион жебесең, бере турганың жок, абакта отурасың деген түшүнүк пайда болду. Мындан улам, мамчиновниктер көп жесең кутулуп, аз жесең тутулуп камалып кетет экенбиз дешип, болушунча көп жеп жатышат. Ошол үчүн коррупция токтобой эле, күчөп жатат. 

Мына айталы, коррупция менен кармалгандар мамлекетке келтирген зыяндын ордун президент айткандай эки-үч эсе эмес эле, жегенинин 5тен бирин кусуп үй камагына чыгарылды. Ким келтирген чыгымды ашыгы менен төлөдү? Эч ким. Ошол үй камагына чыккандардын бирин дагы көрсөтө алышпайт. 

Алыс барбай эле, кечээ жакында эле камакка алынып, үй камагына чыгарылган Туризмди өнүктүрүү фондунун экс-жетекчиси Елена Калашникова мисалга алсак, баары алаканга салгандай айкын болот. 

Айталы, Калашникова фондго бөлүнгөн 1 миллиард сомду максатсыз пайдаланылган делип коррупцияга айыпталып, УКМК тарабынан кармалып, камакка алынган. Элестетип жатасыздарбы, бир миллиард сом. 

Эми ушуну "мамлекеттик бюджетке 12 миллион сом төлөдү" деп абактан бошоду. Демек, күнөөлүү экен да. Андай болгон соң, эмне үчүн миллиард сом зыян келтирип, миллиондор менен чыгарылат. 

Бул биринчиси жана акыркысы эмес. Себеби, мындай окуялар буга чейин болуп, көнүмүш болуп калды. Эми мындан ары да боло берет. Ошол эле миллиард сом зыян кылганы айтылып камалган Динара Кутманова дагы жакынкы аралыкта миллион төлөп кутулаарын көзү ачыгы жок эле айтсак жарашат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости