www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чет өлкөлүк жаран жана Чүй-Бишкек өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин (фитосанитардык кызмат) кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, салык төлөөдөн качып, түндүк көзөмөлдөп өткөрүү пункттары (Чалдовар, Ак-Тилек, Ак-Жол жана Чоң-Капка унаа жолу) аркылуу ЕАЭБ өлкөлөрүнө айыл чарба жана башка продукциялар жүктөлгөн жүк ташуучу унааларды өткөрүү үчүн зарыл болгон жүк ташуучу документтерди даярдоонун туруктуу мыйзамсыз схемасын уюштурушкан казак жараны М.Р. жана Чүй-Бишкек боюнча өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин кызматкерлери - Э.Э., А.А. жана А.К. кармалды.
Мындан тышкары, аталган чет элдик жаран Чүй-Бишкек өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин башкармалыгынын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, салык органдарына жалган фирмаларды каттоодон өткөрүп, ЕАЭБ өлкөлөрүнө товарларды тиешелүү жол-жоболордон өткөбөстөн тоскоолдуксуз экспорттоого ишкерлерге акчалай сый акы алуу үчүн жүк ташуучу документтерди сейф менен камсыз кылгандыгы аныкталды. Жалпысынан бул мыйзамсыз иш-аракеттен мамлекетке 40 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.
Атайын тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, ошондой эле Октябрь райондук сотунун чечими менен Казакстан Республикасынын жараны М.Р.А. жана Чүй-Бишкек өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин (фитосанитардык кызмат) кызматкерлери - Э.Э., А.А. жана А.К. карата КР юстиция министрлигине караштуу ЖАКнын №21-тергөө абагына эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.
Бүгүнкү күндө бул мыйзамсыз ишке катышкан башка адамдарды жана ушул сыяктуу псевдофирмалардын ишмердүүлүгүнөн мамлекетке келтирилген зыянды аныктоого багытталган кошумча ыкчам-издөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg