www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Манас ата кыргызды сактаган! Кыргыз баласы Манасты даңктаганга милдеттүү! Мындай пикирин Кыргызстандан чыгып кеткен манасчы Дөөлөт Сыдыков өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
“Манаста чындык бар! Манас кыргыздын байыркысы, азыркысы, келечеги… Манас ата кыргызды сактаган! Кыргыз баласы Манасты даңктаганга милдеттүү! Манасым, дастаным, чексиз асманым! Акыйкат, чындык үчүн кайсы мезгил болбосун туу түбүндө тура алган, каршылашкан душманга айкырып найза суналган арбагы тирүү асылым. Төбөмдөгү пиримсиң, колдоп турган шеримсиң. Ааламды аралап, атың даңктала берсин! Манас! Манас! Манас!” – деп жазган.
Сыдыковдун социалдык тармактагы билдирүүсүнө караганда ал учурда Түркиянын Стамбул шаарында жүрөт.
Белгилей кетсек, буга чейин “Манас айылы” маданий этнографиялык комплексинин жерине кызыккан топ пайда болгонун айтып, аталган комплекстин директору, залкар манасчы Дөөлөт Сыдыков чукул кайрылуу жасаган. Андан көп өтпөй, залкар манасчыны басып алып жаткан топ кысымга алып, коркутуп жатканы белгилүү болгон.
Ошол эле күнү президенттин маалымат кызматы комплекстин жер тилкеси президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кыргызстройсервис” ишканасына таандык экенин билдирип, ал жайгашкан жердин беш сотых тилкеси административдик корпустун аймагын тегиздөө үчүн алынып жатканын айткан. Бирок, 5 сотых эмес, андан көп жерди алып жатышканын Сыдыков билдирген.
Көп өтпөй мамлекет башчы Садыр Жапаров Бишкектеги “Ысык-Көл” мейманканасы жайгашкан жерде салына турчу Ак үй тууралуу үн каткан.
Буга чейин Жапаров “Манас айылы” маданий этнографиялык комплексин курууга өзү катуу убада берген болчу…
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кыргыз элинин залкар манасчысы Дөөлөт Сыдыковду “наадансың” деп жазып, элдин нааразычылыгын курчуткан. Ал муну менен токтоп калбастан, манасчы тууралуу ыплас сөздөрдү жазып чыккан. Бийликте жүргөн Байсалов сабатсыздыгын дагы бир жолу көргөзүп, байлык, бийлик көзүн тумандатып, текеберчиликтин туу чокусуна жеткенин далилдеп койду. Ушинтип жүрүп аңга түшүп, кийин аттиң кылып калбаса болду. Башкасына асылмактан уйгактан бетер чапташса да, 1 грамм акылы жок болгондон кийин Манаска шек келтирбей эле койбойбу? Ушундай кем акылдар бийликте турганда оңолобузбу?
Эске сала кетсек, 5-май күнү манасчы кысымдардан улам үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон. Учурда манасчыны жана анын үй-бүлөсүн каралоо жүрүп жатканы кеп болууда.
Булак: NazarNews.kg