www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Чүй облустук ооруканасына профессор Эрнст Акрамовдун ысымын ыйгаруу чечимине каршы экенин билдирди.
Бейшеналиев мындай чечимдин кабыл алынганынан кабары жок экенин кошумчалады.
«Эгер азыр бере баштай турган болсок, анда бардык ооруканаларга ат коюшубуз керек. Акрамовго окшогондор ар бир райондо, областтык ооруканада бар. Анда, мисалы, Улуттук госпиталга Мамытовдун ысымы берилиши керек», - деди ал.
Алымкадыр Бейшеналиев бул чечимди карап чыгуу үчүн министрлер кабинетине кайрылбай турганын кошумчалады.
Эске салсак, кечээ, 24-майда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Чүй облустук ооруканасына Эрнст Акрамовдун ысымын ыйгаруу чечими бекитилгенин билдирген.
Булак: NazarNews.kg