www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Манаска асылгандар арты жаман бүтөт. Бул тууралуу залкар манасчысы Дөөлөт Сыдыков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Мына президенттин абалы, жүзү. Бир ишти баштайт, кайра таштайт. Маратыңарды асманга учуруп эми чоң кызматка койсоңор дагы жылыш болбойт. Кечээ эле мага Марат менен Асылбегин кыйын кылдырып чабуулга жиберип жатты эле.

Мени болгон фейктери менен жамандатып, булар тууралуу бир ооз сөз айтпай коргоп отурду эле го? Эми ишти токтотуп, жумушунан четтетип коюмуш болсо дагы, баары бир поезд кеткен. Булар менен бир болуп мыйзамсыз ишти колдогон бул президент. Ар кайсы калпты токуп, жасалма болуп чыга келүү менен маселе чечилбейт.

«Манастын аты байырлаган тарыхый жерге тийбегиле» десем угушпады эле. Бул башталышы эле, Манаска асылгандар арты жаман бүтөт. Мен үч ай жүрдүм, Манастын айылын жайына койгула, өзүңөргө жаман болот, тийбегиле десем болбой коюшту эле. Дээринде Манас жок болсо, баары бир болбойт тура. Кан калп айтканда эле касиети кеткен. Башынан багы тайган… Башчы иштей албаса эле элдин эзилгени, шору экен.

Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёев өзү өскөн Манас айылын 45 күндө салдырып койгон, ызы – чуусу жок эле. Манасты сыйлаган президент келмейин кыргыз оңолбойт.

Эскертүү: Бийликтин фейк фабрикасы жана бизге арналган тролдор, силердин каралооңор арык аттап, суу кечпеген нерсе. Кайсы эшиктен кирип, эмне команда алып иштеп жатканыңар белгилүү иш. Манаска каршы чыккан жагынпоз жалданмалар ким экенин аныкталып ачыгы чыкчу күн келет. Манасты кор кылдыңар, Манас атанын арбагы силерди жөн койбойт!», — деп жазган манасчы.

Эске сала кетсек, 5-май күнү манасчы кысымдардан улам үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгонун айткан. Учурда манасчынын Түркиянын Истамбул шаарында экени маалым. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости