www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Дмитриевка айылында 17-майда террористти кармоо операциясы учурунда документтери күйүп кеткен туристтер жатаканага жайгаштырылды. Бул тууралуу Ысык-Ата райондук администрациясынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, террористти кармоо учурунда ал жашаган үй өрттөнүп кеткен. Ошол эле укчурда коңшу батирди убактылуу ижарага алып, жашап жаткан чет өлкөлүк 18 жарандын документтери, акчалары, кийим-кечеси күйгөн.

Окуя болгондон кийин район акими аталган туристтер менен жолугушкан.

«Райондун акими Алмазбек Осмонов чет өлкөлүк жарандар менен жолугушуп, аларды Кант шаарындагы жатаканага убактылуу жайгаштырды. Аларды тамак-аш, кийим-кече менен камсыздоо жергиликтүү бийлик тарабынан колго алынды. Чет өлкөлүк жарандардын бирөө Беларустун, калгандары Россиянын жарандары. Алар Кыргызстанга өз алдынча тоого чыгып эс алуу үчүн келишкен», — деп билдиришти акимчиликтен.

Туристтер Россия, Беларус элчилиги менен байланышып, документ маселелери чечилгенге чейин жатаканада жашашат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости