www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров China Media Corporation CGTN телеканалына эксклюзивдүү маек берди. Кытайдын глобалдык телекөрсөтүү тармагы (CGTN) - Кытайдын Борбордук телевидениеси (CCTV) тарабынан түзүлгөн эл аралык медиа уюм.

Мамлекет башчысы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө жана келечегине, «Бир алкак, бир жол» демилгесинин алкагындагы кызматташтыкка, ошондой эле ачылышына өзү катыша турган алдыдагы Олимпиада оюндарына даярдыкка баа берди.

Кытай менен Кыргызстан дипломатиялык мамилелерди мындан 30 жыл мурун түзгөн. Кыргыз лидери белгилегендей, отуз жылдын ичинде мамлекеттер аралык диалог «өнүгүүнүн жаратман жолун» басып өтүп, өнөктөштүктүн болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлине жетти.

Президент Садыр Жапаров: “Биринчиден, Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар болгондугу үчүн ыраазычылык билдирүүгө уруксат этиңиздер. 1992-жылы Кытай мамлекетибиздин эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп тааныган. Ошол учурдан тартып Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достук, жакшы коңшулук жана өз ара пайдалуу кызматташуу принциптерине негизделген мамилелердин жаңы тарыхы башталды.

Акыркы отуз жылдын ичинде кыргыз-кытай мамилелери өнүгүүнүн жаратман жолун басып өттү, бекем келишимдик-укуктук база түзүлдү, саясий кызматташтык, коопсуздук, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу механизмдери түзүлдү.

Жалпысынан бүгүнкү күндө кыргыз-кытай мамилелери болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлде жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк менен мүнөздөлөт. Саясий диалог эки тараптуу мамилелердин маселелери боюнча гана эмес, аймактык жана эл аралык күн тартибине тиешелүү көптөгөн маселелер боюнча да бекемделип жатат. Биз БУУнун, ШКУнун жана башка көп тараптуу платформалардын алкагында активдүү иштеп жатабыз.

Биздин өкмөттөр кыргыз-кытай мамилелеринин бардык актуалдуу маселелери боюнча тыгыз байланышта. Биздин аналитикалык түзүмдөрдүн, окуу жайлардын, бизнес чөйрөлөрүнүн күчтүү байланыш каналдары бар. Отуз жылдын ичинде биргелешкен күч-аракет менен биз эки тараптуу расмий мамилелерди өнүктүрүү үчүн гана эмес, карапайым калктын, атап айтканда жаштардын ортосундагы байланыш үчүн көпүрөлөрдү курууга позитивдүү негиз түзө алдык».

Кыргызстан Кытайдын «Бир алкак, бир жол» демилгесине биринчилерден болуп кошулган. Садыр Жапаров бул чечимди өз өлкөсүнүн жана жалпы Борбор Азия чөлкөмүнүн экономикалык потенциалын толук ачуудагы маанилүү кадам деп атады.

Президент белгилегендей: «Бир алкак, бир жол» алкагындагы кызматташтык бүткүл эл аралык коомчулук туш болгон татаал трансчек аралык социалдык-экономикалык жана гуманитардык чакырыктарга ар тараптуу жоопторду табуу үчүн күч-аракеттерди бириктирүүгө багытталган.

Айрыкча Борбор Азия үчүн “Бир алкак, бир жол” деңиз портторуна түз жетүү боюнча стратегиялык милдетти чечүү жана аймакты чыгыштан батышка жана түндүктөн түштүккө чейинки трансконтиненталдык магистралдардын негизги кесилишине айландыруунун пайдасына экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү бириктирүү үчүн кошумча артыкчылыктарды берет.

Ушуга байланыштуу Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун тез арада практикалык ишке ашыруу Борбордук Азия чөлкөмүнүн транзиттик потенциалын толук ачууга карай олуттуу кадам жана “Бир алкак, бир жол” демилгесин илгерилетүүдөгү маанилүү звено болууга тийиш.

Кытай-кыргыз-өзбек темир жолунун долбоору азыр макулдашуу стадиясында турат. Кыргызстандын президенти келечектеги трассаны достуктун, жакшы коңшулаштыктын жана туруктуу өнүгүүнүн жолу деп атап, анын курулушу жакынкы арада башталаарына ишеним билдирди.

Садыр Жапаров кошумчалагандай: “Бул долбоор экономикалык потенциалы жагынан чоң масштабдуу. Жолдун курулушу Кыргызстан менен Өзбекстандын гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азия чөлкөмүнүн транспорттук жана транзиттик потенциалын жогорулатат, анткени азыркы кездеги темир жолдор Кытайдан, ошондой эле Европа өлкөлөрүнөн келип жаткан жүктөрдүн жана товарлардын агымына мындан ары туруштук бере албайт.

Ошондой эле эл аралык мультимодалдык логистикалык борборлорду түзүүгө жана өнөр жай кластерлеринин тармагын түзүүгө мүмкүндүк берет. Бул долбоор эки тараптуу мамилелердин күн тартибинде ар дайым турат, анын маңызы жана максатка ылайыктуулугу боюнча эч кандай саясий пикир келишпестиктер жок, долбоордун техникалык аспектилерине жана каржылык бөлүгүнө тиешелүү гана маселелер бар, аларды учурда үч өлкөнүн адистери иштеп жатышат.

Биргелешкен аракет менен жакынкы арада достуктун, жакшы коңшулаштыктын жана туруктуу өнүгүүнүн жолуна айланган бул жолдун курулушун баштайбыз деп ишенем”.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Садыр Жапаров ошондой эле Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын абалына жана келечегине баа берди.

“Кытай акыркы бир нече жылда Кыргыз Республикасынын башка өлкөлөр менен соода жүгүртүүсүндө негизги орунду ишенимдүү ээлеп келгенин баса белгилей кетүү керек. Коронавирустук пандемияга карабастан, 2021-жылы сооданын өсүшү басаңдаган жок.

Кыргыз-кытай экономикалык кызматташтыгын мындан ары чыңдоо үчүн айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы, экология, энергетика, кичи жана орто бизнести колдоо, эки өлкөнүн аймактарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө сыяктуу маанилүү тармактарда комплекстүү иштерди жүргүзүү маанилүү деп эсептейм. Банктык-финансылык платформаны түзүү, инвестициялык долбоорлорду стимулдаштыруу, ошондой эле электрондук коммерциянын артыкчылыктарын натыйжалуу пайдалануу.

Учурда Кыргызстан экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын Кытайга экспорттоону илгерилетүүнүн үстүндө иштеп жатат. Жакында биздин тоо балын, сүт азыктарын, мөмө-жемиштерибизди Кытайдын базарынан көрөсүңөр деп ишенем”,-деп президент Садыр Жапаров баса белгиледи.

Кыргызстандын президенти Пекиндеги Кышкы Олимпиада оюндарына баруу ниетинде. Ал оюндарды коопсуз өткөрүү үчүн көрүлгөн эпидемияга каршы иш-чараларды жогору баалап, аткарылган иштерди Кытай жетекчилигинин “жогорку жоопкерчиликтин көрүнүшү” деп атады.

“Коронавирус чыккандан бери Кытай аны ооздуктоо боюнча натыйжалуу чараларды көрүп, бул илдет менен күрөшүүдө конкреттүү ийгиликтерге жетишти.

Олимпиадалык оюндарга карата алдын алуу чаралары тууралуу айта турган болсок, бул иш-чаралар биринчи кезекте Кышкы Олимпиаданын ар бир катышуучусунун жана мейманынын ден соолугуна жана коопсуздугуна багытталган деп ойлойм. Бул дүйнөлүк маанидеги масштабдуу спорттук иш-чараны коопсуз өткөрүү үчүн Кытай өкмөтүнүн жогорку жоопкерчилигинин бир көрүнүшү”,-дейт Садыр Жапаров.

Пекин тарыхтагы биринчи "жайкы жана кышкы Олимпиада оюндарынын борбору" болот. Кытай 300 миллион адамды кышкы спортко тартуу боюнча чоң максат коюп, ийгиликке жетти. Садыр Жапаров бул демилгени дүйнө жүзү боюнча калктын иммунитетин жана ден соолугун чыңдоонун маанилүүлүгүн көрсөткөн пандемия фонунда өзгөчө актуалдуу деп атады.

“Байыркы кылымда Олимпиада бүтүндөй согуштарды токтотуп, достукту жана тынчтыкты чагылдырган. Ал эми азыр спорт адамдарды бириктире турган уникалдуу күчкө ээ. Олимпиада оюндары бизге үмүт жана элдер менен өлкөлөрдүн ортосундагы достукту чыңдоого мүмкүнчүлүк берет.

Алдыда боло турган Олимпиада оюндары өзүнүн масштабы, мазмуну жана көңүл ачуулары боюнча Олимпиаданын тарыхында жаңы баракты жазат деп ойлойм.

Кышкы спорт менен машыгууга келсек, бул пандемиянын фонунда абдан актуалдуу идея деп ойлойм, бул Кытайда гана эмес, бүтүндөй дүйнөнүн жана мамлекет боюнча иммундук системаны жана калктын ден соолугун чыңдоонун маанилүүлүгүн көрсөткөн. Сергек жашоо жана спорт бара-бара дүйнөлүк тенденцияга айланат деп ойлойм.

Кытайда кышкы спорттун популярдуулулугу көптөгөн карапайым калк жана спорт ышкыбоздору үчүн жеткиликтүү болуп жатканы кубандырат.

Кыргыз лыжа курорттору эл аралык туристтик агенттиктер тарабынан кышкы спорттун түрлөрү боюнча алдыңкы он өлкөнүн катарына бир нече жолу киргендигин баса белгилегим келет, ошондуктан биз кытайлык спортчуларды жана спорт ышкыбоздорун кыргыздын жаратылышынан жаңы жаркын сезимдер жана таасирлерди алуу үчүн Кыргызстанга чакырабыз”,-деди Садыр Жапаров.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости