www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дмитриевкада атайын операциянын жүрүшүндө чет элдик туристтер жабыркады. Тагыраагы, Орусия, Беларусь жана Франциянын жарандары кылмышкер жок кылынган үйдүн экинчи жарымында жашаган. Өрттүн кесепетинен алардын бардык буюмдары күйүп кеткен. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жабырлануучулардын бири Дмитрий Анисимков билдирди.

«Жок кылынган террорист биздин дубалдын аркы бетинде жашап жатыптыр. Саат 6.00дө бизди турак жайдан эвакуациялашты. Биз бардыгы болуп 13 кишибиз. Бактыга жараша, эч кимибиз жаракат алган жокпуз. Бирок биздин буюмдар, акчалар, банк карталарыбыз күйүп кетти. Азыр Кантта милиция бөлүмүндө, көрсөтмө берип жатабыз», - деди ал.

Айтымында, алар буга чейин Орусиянын Кыргызстандагы элчилигине кайрылышкан. Ал жерден документтерди төрт айдын ичинде гана калыбына келтирүүгө болорун айтышкан. Учурда туристтерге жардам керек. Аларга кийим-кечеге жана түнөгөнгө жер керек.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости