www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун мамлекеттик нотариустарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

 УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын одоно бузуу менен нотариалдык келишимдерди каттаган (ар кандай мүлктү пайдалануу жана тескөө укугуна ишеним каттарды түзүү (жарактуулук мөөнөтүнө карабастан), анын ичинде ишенимге өткөрүп берүү (унаа башкаруу жана тескөө үчүн ишеним кат, кыймылсыз мүлктү сатууга ишеним каттар ж.б.у.с.) мурастоо күбөлүктөрүн берүү, кыймылсыз мүлккө менчик укугун өткөрүп берүү (сатып алуу-сатуу келишимдери) боюнча келишимдердин күбөлүктөрү) туралуу Ысык-Көл облусунун мамлекеттик нотариустарына карата кылмыш иши козголду.

2023-жылдын 27-апрелинен 5-майына чейинки мезгилде Каракол шаарынын, Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Ысык-Көл райондорунун мамлекеттик нотариустарында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жана санкцияланган тинтүү иштери жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө жасалма ишеним каттар, каттоо журналдар жана кылмыш ишине тиешелуу башка нерселер табылып алынды.

Учурда бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.

  

Последние новости