www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун кызматкери Георгий Албуров Твиттерине бөгөт коюлгандыгы үчүн Орусия премьер-министри Дмитрий Медведевди сотко берди.
Георгий Албуров өкмөт башчынын Твиттерин окуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган.
Фонддун юристтеринин маалыматы боюнча Медведевдин микроблогу расмий булак болуп эсептелет. Себеби ал жерде Орусия өкмөтүнүн сайтына шилтеме берилет. Коррупцияга каршы күрөшүү фонду Медведев министрлер кабинетинин ачык иштөөсү тууралуу принципти бузду деп эсептейт.
Москванын Пресенск сотунда премьер-министрге каршы арыз катталган эмес.
Коррупцияга каршы күрөшүү фонду мартта Дмитрий Медведевдин мүлктөрү тууралуу иликтөө жарыялаган. Аны Орусия өкмөт башчысы “саясий митаамдардын жалган продукциясы” деп атаган.
Булак: Борбордук Азия жаңылыктары