www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков: «Кызматтан кетерин жарыялаган Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун иш-аракетин «эмоционалдык критерийге» таянып баалоо мүмкүн эмес», деп билдирди. Бул тууралуу РБК агенттиги жазды.

Ага кошумча «Жээнбековдун бийликтен баш тартышы жоопкерчиликтүү кадам болдубу же анын алсыздыгын көргөздүбү?» - деген суроосуна Песков: «Абалды турукташтырууга жана конституциялык нукка кайтууга багытталган бардык аракеттер жардам берет», - деп жооп берди.

Эске сала кетсек, буга чейин Орусия Кыргызстанга финансылык колдоосун убактылуу токтоткону кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости