www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бокс боюнча дүйнө чемпиону Дмитрий Биволдун экс-жубайы спортчу менен болгон үй-бүлөлүк жылдары тууралуу ачык айтып чыкты. Бул тууралуу ал Instagram баракчасына жазып чыкты.

Буга чейин кыз күйөөсү менен ажырашуусу тууралуу суроолорго жооп берип, андан соң мурунку күйөөсүн сындап, бактысыз никеси тууралуу кеп кылган.

"19 жашымда атың жазылган татуировка жасаттым. Сен буга татыктуусуңбу? Апаңдын оюндарынан кийин эки жумада 8 килограммга арыктап кеттим.

Мени аядыңарбы? Балдарыңыздын, неберелериңиздин апасы. Кайненеси тараптан аябай кордолгон. Мен сен үчүн ден соолугумду кетирип Кудайдан дуа кылдым.

Мен сенин буйругуң менен аборт кылдым. Сенин карьераң үчүн! Аборт кыла турчу жерди апаң тандап жатканда! 19 жашымда! А сен мага ушундай мамиле кылдың?", - деген ал.

Ошондой эле, Биволдун мурдагы жубайы мушкерди үй-бүлөлүк зомбулук үчүн айыптап, анын бетинде Дмитрийдин соккуларынын изи бар деп болжолдонгон сүрөтүн жарыялаган.

Дмитрий менен Екатерина 16 жашында таанышышкан. Жубайлар Санкт-Петербургда жашап, эки уулдуу болушкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости