www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Турсунбек Акун: Декабрдан бери биздин «Консолидация жана диалог кыймылы (КДК)» 7 жыйын өткөрдүк, аларда – өлкөдөгү бардык маселелер диалог аркылуу чечилүүгө тийиш деген маселе көтөрүлүп келди. 25-сентябрда өткөн жыйыныбызда – Украинадагы согушту токтотуу максатында президенттер Владимир Путин менен Владимир Зеленскийди диалогго чакырып, биздин президент Садыр Жапаров демилге көтөрсө болоор эле деген дагы сунуш айттык.

Акыркы мезгилде Кыргызстанда митингдерге тыюу салынып, маалымат каражаттарынын аракеттери чектелип, бийликке сын айткандар жазалана баштады, бул көрүнүш – өлкөбүз авторитаризмге карай багыт алганын көрсөтөт, жалпысынан эле бийлик тарабынан ачыктык жоголууда. Кримтөбөл Камчы Көлбаев дагы 4-октябрда атып өлтүрүлүп салды, ага шылтоо катары – куралдык каршылык көрсөттү деп айтылууда, бирок далилдер келтирилбейт...

Последние новости