www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өнүккөн өлкөдөгү өксүктөр...

Фейсбук колдонуучусу Айгул Усупова өз жерибизде жашап, өз кийимин, салтын чанып, башка тилди, дилди көксөгөндөр өкүндүрөт деп төмөнкүчө билдирүү жазып чыкты.

“Балам Кореяда жашап, иштеп жүргөнүнө беш жыл болуп калды. Корея абдан өнүккөн өлкө экенин баарыбыз эле билсек керек. Айыл менен шаарынын айырмасы жок, баары бирдей таптаза, иреттүү. Сеулдагы дүкөн менен алыскы айылындагы айфондун баасы бирдей сатылат. Эч жеринен айырма жок дейт. Былтыр алган айфонун эски деп, быйылкы жаңысын алышат.

Балам экөөбүз бат-баттан сүйлөшүп турабыз. Онлайн келин алып, (балам Кореяда да) келинчекти эки күн үйүбүзгө кондуруп, айыл апага той өткөрүп, аны да Кореяга салып жибергенбиз.

Айтайын дегеним, беш жылдан бери бөлөк жерде жашап, ал чөйрөнү жакындан таанып-билип калган баламдын анализдөөсүн силерге жеткирсем.

Корея бир келген кишиге жомок дейт. Иштеп, акча тапканга да жакшы. Беш жылдан бери көп нерсени көрдүм, күбө болдум. Ушундай өнүккөн өлкөдө жашашат деп суктанабыз. Чынында, өнүккөн өлкөдө жашоо жергиликтүү карапайым калк үчүн абдан эле оор экен. Биринчи иштеген жеримдин директору (темир менен иштеген чакан ишканасы бар) өзү алтымыштан ашып калса да, өзү кошо кара жумушта иштейт. Бир күн да жумуштан калбайт. Элден биринчи келип, элдин аягында кетет. Аялы ошол жерде ашпозчу. Жумушчуларга тамак-ашты өзү жасайт. Кечке жаны тынбайт. Карап туруп боорум ооруйт. Биздин чоңдордун аялдарындай болуп кымбат машина теппейт. Кымбат шуба кийбейт. Керээлден кечке күйпүл күчүк болуп бүтөт. Буларда "служанка" же жардамчы алуу деген түшүнүк жок. Служанка жалдагыдай мүмкүнчүлүк болуп турса да, аны кылбайт, өздөрү иштешет. Балдары башка шаарда жашашат. 25 жаштардагы уулу бойдок. Сеулда повардын окуусун окуп, өз жанын багып жүрөт. Атасы "менин ишимди улантып кетсе" деп ойлойт. Баласы аны укпайт, "кереги жок мындай жумуштун" деп. Ата-энем экен деп келип да койбойт. Акча берем десе, араң келип, акчасын алат да кетет. Ата-энени сагынып, өзү келүү, жардам берүү, алардын көңүлүн алуу дегенди билбейт.

Шефтин аялы 60 жашка чыгып, юбилейин белгилешти. Баш-аягы он чакты адам болду. Анын беш-алтоосу жумушчуларынан чакырылдык, калгандары жакындары. Ашып кеткен шаан-шөкөт жок. Тыпырайып отуруп тамагын жеп, супсак тосттор, супсак куттуктоолорду айтып, арзыбаган белектерди берип тынч тарап кеттик. Башында ушундай көрүнүштөр жагып аткан, ысырапчылык жок экен деп....

Кийин, чоң шаардагы заводго киргенимде, карапайым, эң жөнөкөй катмар менен иштештим. Булар оңой менен үйлөнүшпөйт экен. Алган айлыктары жакшы болгону менен, азык-түлүк, кийим-кече абдан кымбат. Үй салуу, квартира сатып алуу деген түштөрүнө да кирбейт, алар асмандын башы. Өмүр бою капсулада жашап, иштеп жүрө беришет. Капсула- кичинекей квартиралар. Ал квартирага конок чакыра албайсың, өзүң гана жашайсың. Бир туугандар бири-биринин кайда жашарын да билишпейт. Кафеден жолугуп, тарап кетишет. Биздикиндей жатар конокту көрсө жүрөктөрү түшмөк. Айрымдары аракет кылып үй-бүлө күтөт. Бирок, көпчүлүгү бойдок өтүшөт. Үйлөнгөндөр да балалуу болушпайт, "это дорогое удовольствие" дешет. Көпчүлүк учурда аялы башка шаарда, күйөөсү башка шаарда жашап, бир айда бир жолугуп турушат. Башкача айтканда аял-күйөөсү эмес эле, жакын достордой таасир калтырат. Көп тааныштарымдан сурасам, ата-энесине көп жылдан бери барбайт. Анда-мында телефон чалып коюшат.

Биздин райондо биз эле коляска сүйрөп чыгабыз (кыздуу болушкан). Ары өткөнү деле, бери өткөнү деле ой-бойлоп, "көрсөм болобу, көтөрсөм болобу, колун кармап көрсөм болобу..." дей беришет.

Кореяда балалуу үй-бүлө баатыр сымал. Уккандардын баары куттуктап, белек бекчек беришет экен. Аны деле көчөдө берип коё беришет, келе албаганы берип жиберишет. Буларда бала көрүп келдим эле, эми чай берет болуш керек дебейт. Жада калса заводдун "күркүлдөрү" да келишти го. Корейлер үчүн бала кол жеткис, баа жеткис болот экен. Болбосо, кайдагы бир мигранттын кызын көрөбүз деп заводдун директорлору келгенин уккан эмесмин. Улам бири көтөрүп, жалынып-жалбарып жүрүшөт. Бир эле көрүп тим болбой, кийин дагы барып көрсөк болобу деп суранып койгондоручу... Баарынан да 65 жаштагы кемпир "биринчи жолу наристени жакындан көрүп жатам," деп толкунданганы таң калтырды.

Кореяда жүз пайыз кесарево менен төрөтүшөт. Өз толгоосу менен эч ким төрөбөйт. Дароо эле кесип салышат. Ошон үчүн да төрөөдөн качышса керек.

Адамдары заводдо иштеп жүрө беришет, чарчоону билишпейт.(жаштары, албетте, башка жеңил жумуштарга качышат, беш жылдан бери "в поисках работы" деген режимде жүргөнү андан көп). Бири-бирине коёндой окшош, тажатма күндөр.Таң ата жумушка келмей, кечке тынбай иштемей. Бар жыргалы алтынчы, дем алыш күн. Бул күндөрү жанагы кинодогудай чатырчалардан чыгышпайт. Арак саткан чатырча жолдун бойлорунда жайгашкан. Кечке арак ичип, кечинде бирин-бири жөлөп үйлөрүнө тынч кетип калышат. Мушташпайт, урушпайт. Ушул эки күнү стресс снимать этишет. Калган күнү баягы эле жумуш. Бизге окшоп, бир үй-бүлө апыр-тапыр тамак ичүү дегенди көрбөйсүң. Жашоолору бир рамкага, программага салып койгондой. Өздөрү роботтой, өз ишинин майын чыгара иштешет. Эгерде, бир ай ишке чыкпай койсо, ачка калчудай болушат. Чындыгында ошондой. Баары кымбат.

Биздин, кыргыздын жашоосун, каада-салтын сагындым. Ишенесизби, элимдин тойлорун сагындым. Ооба, жарым сааттан куттуктоо айткан тойлорун сагындым (мурда мынча көп сүйлөшөт дечү) супсак эмес, нукура тамак-ашын сагындым. Жасалма эмес, жакшынакай, таза мамилени сагындым. Барпалактап, кайсы үйгө кирсең да берерге ашын таппай калган туугандарымды сагындым. Ичи-тышы бирдей, оюндагысы тилинин учунда турган, жаш баладай, ичинде кири жок, меймандос элимди сагындым. (Кореяга чейин турфирмада гид болчу, эл аралачу) Биздин элдин каада-салты, үрп адаты, аш-тою, улуттук оюндары, маданияты, бири-бирине кылган мамилеси, ачык-айрымдыгы, меймандостугу, жандуулугу эч бир улутта жок. Мен ушунун баарын сагындым.

Муну менен эмне айткым келди?.. Алыстагылар мекенди сагынып, анын баалуулугун сезип, көздөрүнөн учуп, күн санап иштеп жатышат. Биздин каада-салт, үрп-адатка баа беришет. Башка улуттардыкы менен салыштырышат, мыктылыгын сезишет. Улууну сыйлоо, барктоо, ата-энени аздектөөгө маани беришет... Ал эми өз жерибизде жашап, өз кийимин, салтын чанып, башка тилди, дилди көксөгөндөр өкүндүрөт”,-дейт Айгүл Усупова.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости