www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ХАМАС Газа секторун таштап кетпей турганын билдирди

Палестинадагы ХАМАС кыймылы Газа секторун таштап кетпейт жана жергиликтүү элди да дал ушундай кадамга чакырат. Бул туурасында РИА Новости агенттиги аталган кыймылдын өкүлү Хусам Бадранга шилтеме кылып жазды. 

Израилдин армиясы 8-октябрда Палестина-Израиль чатагынан улам элди Газа секторундагы үйлөрүн таштап кетүүгө чакырган.

"Бул — биздин элдин так, анык позициясы. Бул жер биздиики, эч кимге бербей кармайбыз жана кетпейбиз", — деген Бадран.

7-октябрда Израилге Газа сектору тараптан чабуул жасалганы боюнча маалыматтар тарады. Аталган өлкөнүн билдиргенине караганда, ХАМАС аскерлери ракета менен жапырт аткылаган соң Израилдин түштүгүндөгү чектерине кирип келген дешүүдө. Аталган уюмдун аскер канаты жарыялаган аскердик операциясын "Аль-Аксаны каптоо", ал эми Израиль тарап "Темир кылыч" деп атады. Өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху элге кайрылып, Израиль узакка созула турган оор согушка киргенин, мындан улам мобилизациялоо жүрөрүн билдирген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости