www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун аймагында улуттар аралык касташууларды болтурбоо трансулуттук коркунучтардын жана  үй бүлөлүк зордук зомбулуктун, жаштардын дини-экстремизмге тартылуусун алдан алуу максатында комплекстүү окуу-семинар башталды.

Бул иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдары, социалдык мекемелер, орто мектептердин директорлору, имамдар жана бей өкмөт уюмдар катышышты.

Семинар учурунда катышуучуларга видео-слайд сабактар өткөрүлүп, мындан сырткары атайын сахналаштырылган көрсөтүлөр коюлуп, мыйзамдуу укуктук ченемдерге таянган профилактикалык түшүндүрмөлөр берилди.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев өз сөзүндө: жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, кылмыштуулук менен күрөшүү, коомдук коопсуздукту сактоо бир гана милиция кызматкерлери эмес, жалпыбыздын жоопкерчилигибиз жана милдетибиз экендигин  баса белгилеп кетти.

Иш-чаранын жыйынтыгында окуу-семинарга катышкан айыл өкмөттөрдөн келген, милиция кызматкерлери менен тыгыз байланышта болуп, биргеликте иш алып барган жарандар Кыргыз Республикасынын ИИМдин сыйлыктары менен сыйланышты.

Бугүнкү  иш-чара “С. Ибраимов” жана “Бабур” атындагы драма театрларында өткөрүлүп жатат.

Ош облусунун аймагында эртең да өткөрүлөт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости