www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Батыш НАТОну чыгышты көздөй жайылтпоого убада бергени менен, сөзүнө турган жок. Бул тууралуу Орусия менен Беларустун союздук мамлекетинин катчысы Дмитрий Мезенцев билдиргенин РИА Новости жазды.
"Албетте, биз боордош эл менен бүгүнкүдөй абалга жеткенибизге тынчсызданып жатабыз. Бирок Батыш бизге 30 жылдан бери ырааттуу түрдө өзүнүкүн таңуулап келгенин жакшы билебиз. Алар НАТОну чыгышка кеңейтпөө убадасына турбай, келишимди жокко чыгарууда", — деди Мезенцев.
Ошондой эле ал биригүү жана биргеликте коопсуздукка кам көрүү боюнча Орусиянын сунушу четке кагылганын эске салды. "Биз башкалар менен ынтымакта болууга даярбыз. Бул максатта өткөн жылдын декабрь айында Орусия лидери Европа менен дүйнөлүк коопсуздуктун бөлүнгүс жана жаңыланган моделин калыптандыруу боюнча сунуш киргизген. Бирок Батыш аны уккусу да келген жок", — деди Мезенцев.
Булак: NazarNews.kg