www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тамеки заттарынын аткезчилигине бөгөт коюлгандыгын УКМКнын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Кыргызстандын аймагында контрабандалык иштерди аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын алкагында, Кыргызстандан тамеки аткезчилигинин ири партиясын коңшу Казакстанга мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин алды алынып, ага бөгөт коюлду.
2022-жылдын 22-майында Кыргызстандан Казакстанга чыгып кетип жаткан учурда «Чоң-Капка-унаа жолу» өткөрмөсүнөн А.Р.А. аттуу КР жаранынын башкаруусундагы жүк ташуучу унаа кармалган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө акциздик маркалары жана уруксат берүү жөнүндөгү коштоочу документтери жок 89 куту тамеки буюмдары табылган.
Учурда КР УКМК тарабынан салыктык чегерүүлөрдү төлөбөй коюу түрүндө келтирилген зыяндын өлчөмүн жана бул мыйзамсыз ишке катышкан адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg