www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азык-түлүк боюнча дүйнөдөгү оор кырдаалды эске алуу менен Орусия жана Украинанын эгинин экспорттоо үчүн "жашыл коридор" түзүү зарыл. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И билдиргенин РИА Новости жазды.

"Азыркыдай кырдаалда эл аралык коомчулук эртерээк ок атышууну токтотууну жана Орусия менен Украинанын дан эгиндерин экспорттоосу үчүн "жашыл коридор" түзүүнү талап кылышы керек. Кытай бардык тараптар менен кызматташууну улантууга даяр", — деди Ван И.

Министр эл аралык маанидеги негизги маселелерде Кытайдын "эч качан четте калбай турганын" баса белгилеп, Пекин муктаж болгон өлкөлөргө тынымсыз азык-түлүк жардамын берип жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, буга чейин бир катар Батыш өлкөлөрү Украинадагы кырдаалга байланыштуу Орусияга каршы бир нече санкциялар пакетин жарыялаган. Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев бул санкциялардын кесепети эл аралык азык-түлүк кризисине кептей турганын айткан.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости