www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кызматтан кетүүсүн талап кылды.

«Мен Кумтөрдөн Жети-Өгүз жана Тоң райондоруна акча бөлүп бергиле деп айтып келем. Бирок тилекке каршы, өкмөтүбүз ошол токтомду Нарын облусуна чыгарып жатат. Нарын облусунун Кумтөргө эмне тиешеси бар? Ансыз деле Кумтөр республиканын баарына жардам берип жатпайбы. Ошондуктан, бул маселени күн тартибине киргизип, туура эмес токтом чыгарганы үчүн өкмөт башчы Жапаров отставкага кетсин. Уяты болсо өзү кетсин, болбосо мен президентке кайрылам», - деди Малиев.

Парламенттин спикери депутатты - аймактарды бөлбөөгө чакырды.

Белгилей кетсек, буга чейин «Кумтөр голд компани» жабык акционердик коому ар бир айдын 10унан кечиктирбестен компаниянын өткөн ай үчүн алынган дүң кирешесинин 0,6 пайызын сом менен Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында ачылган Нарын облусун өнүктүрүү фондунун атайын эсебине которо турганын жарыялаган.

Тиешелүү чечимге Акылбек Жапаров кол коюп, мындай чечим Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жакшыртуу максатында кабыл алынганы белгиленген.

Эске салсак, буга чейин Садыр Жапаров «Кумтөрдүн» кирешесинин 0,6 пайызын Нарын облусун өнүктүрүүгө жумшоо тууралуу аймактын тургундары менен жолугушуу учурунда сөз кылган болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости