www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 4-октябрда Өмүрбек Текебаев үй-бүлөсү менен бирге өзүнүн шайлоо участогуна добуш берүүгө келди. Бирок, шайлоо участогунда ал паспортун унутуп калганы белгилүү болду. Ал документ үчүн уулун үйүнө жиберген.
Белгилей кетсек, Текебаев 2016-жылдын 11-декабрында жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум учурунда паспортун унутуп койгон.
“Көрсө, паспортумду унутуп калыптырмын, бир сааттын ичинде алып келем” – деп айткан Өмүрбек Текебаев.
Бүгүн, 4-октябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өтүп жатат. Парламенттик шайлоого 16 партия ат салышууда.
№1 “Биримдик”.
№2 “Мекенчил”.
№3 “Ыйман Нуру”.
№4 “Мекеним Кыргызстан”.
№5 “Реформа”.
№6 “Ата Мекен”.
№7 “Замандаш”.
№8 “Бүтүн Кыргызстан”.
№9 “Социал-демократтар”.
№10 “Мекен Ынтымагы”.
№11 Афганистандагы согуштун ардагерлеринин жана башка аскердик чыр-чатактардын катышуучуларынын саясий партиясы.
№12 “Ордо”.
№13 “Бир Бол”.
№14 “Республика”.
№15 “Кыргызстан”.
№16 “Чоң Казат”.
№17 Баарына каршы.
Булак: NazarNews.kg