www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борборшайлоокомдун серверинин кечээ күнкү бузулушу көп суроо жаратууда. БШК төрайымы жана вице-премьер – анын кесепетинен шайлоо жыйынтыктары өзгөргөн жок, жөн гана бир жадыбалда туура эмес маалыматтар жарыяланып кетиптир дейт. Коопсуздук кеңешинин катчысы болсо – серверге сырттан хакердик чабуул болгонун айтат, бирок ал дагы орчундуу далил келтирбейт.

«Ата-Мекендин» лидеринин айтымында, сервер бузулганга чейин партия чогулткан добуштардын саны 70 миңден ашкан, сервер оңолгондон кийин ал сан 40 миңге чейин түшүп кетиптир. Бул – бир кыйла орчундуу маалымат. Сервер бузулганга чейин хакерлер, эгер алар болсо, оппозициялык партиянын добуштарын көбөйтүп ийген, сервер оңолгондон кийин кимдир бирөө ал санды азайткан. Бул принципиалдуу нерсе.

Азыр баары – добуштарды кол менен саноо адилеттик орнотот деген үмүттө. Бирок дал ошол кол менен саноо учурунда көптөгөн мыйзам бузуу менен бурмалоолор болгондуктан өлкө андан баш тартып, санариптик ыкмага өтө баштабады беле.

Последние новости