www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Али Токтакунов өзүнүн айылынан 12 добуш алды

"Ата Мекен" партиясынын талапкери Али Токтакуновду өзүнүн туулуп өскөн айылынан туугандары колдобой койгон. Бул тууралуу анын айылдашы Айкөкүл Асылбекова билдирип, бюллетендин сүрөтүн жарыялады. 

"Менин туугандарым, биздин Көндүк айылы Али Токтакуновдун кайын журту. Шайлоодо 240 шайлоочу катышып, болгону 12 добуш эле алыптыр. Өзүнүн кайын журту колдобойт, анан кайдагы "добушум уурдалды" деп жатат?
Өзүнүн айылы деле 500 шайлоочунун, 179у араң колдоптур дейт. Же ата журтуна, же кайын журтуна кадыры жок. Тага журту болсо Али Токтакуновду көрөйүн деген көзү жок. Жигиттин 3 журту болот, 3 журтуна тең кадыры жок жигит, мурдун көтөрүп аңыраңдабай эле койсо болот"-дейт Асылбекова. 

Талапкер Али Токтакунов добушу уурдалганын, ал өтө көп колдоону байкаганын, ал тургай элдер телефон аркылуу айтып турганын белгилеген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости