www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Окутуу башка тилдерде жүргүзүлгөн мектепке чейинки билим берүү уюмдарында кыргыз тилин окутуу акырындык менен киргизиле баштайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирабаева маалымат жыйын учурунда билдирди.

Журналист мектептердин башталгыч класстарында ушул жылы кыргыз тили киргизилери айтылып жатканын белгилеп, министрден чын-төгүнүн сураган. Кендирбаева кыргыз тилин окутуу алгач мектепке чейинки билим берүү мекемелерине этап-этабы менен киргизилерин айтты.

"Окутуу башка тилдерде жүргүзүлгөн билим берүү мекемелеринде кыргыз тилин үйрөтүү боюнча конституциялык мыйзам кабыл алынган. Биз аны аткарышыбыз керек. Алгач кыргыз тили мектепке чейинки билим берүү мекемелерине киргизилет. Муну менен катар кыргыз, орус тилдүү класстар менен бирдей өнүктүрүлөт. Биринчиден, биз кыргыз тилин милдеттүү түрдө билишибиз керек. Экинчиден, Кыргызстанда жашаган ар бир адам өзүн саясатта болобу, илимде болобу, бизнес-чөйрөсүндө болобу, өзүн өнүктүрүшү зарыл. Азыр кыргыз тилин билбесе ийгилик жаратуу кыйын болуп калат. Бул дискриминация эмес, радикалдуу эмес. Мисалы, ошол эле өнүккөн деген Европа мамлекеттеринде, мигранттар көп барган Германияда немец тилин, демократиялуу деген АКШда англис тилин сөзсүз билиши керек деген талап бар. Кыргызстанда жашап, бул өлкөнүн жараны болгондон кийин кыргыз тилин билбей коюу мүмкүн эмес", — деген министр.

Ал кыргыз тилин үйрөтүү ыкмасы толугу менен өзгөртүлөрүн айтып, эне тил жеткиликтүү болушу керектигин кошумчалаган.

Белгилей кетсек, конституциялык мыйзамдын 17-беренесинде окутуу орус же башка тилдерде жүргүзүлгөн мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, жалпы билим берүү уюмдарында (мектеп, лицей, гимназияларда), башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарында окутуунун бардык мезгилинде кыргыз тилин окутуу жана үйрөтүү боюнча жазылган. Бул мыйзам 2023-жылдын 17-июлунда жарыяланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости