www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 9-майда АКШга барып, ал жерде америкалык кесиптеши Жо Байден менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу “Hurriyet” гезити өз булактарына таянып жазды.

Бул тууралуу басылма Эрдогандын тышкы саясат жана коопсуздук боюнча кеңешчиси Акиф Чагатай Кылыч менен АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Жейк Салливандын ортосундагы диалогдун жыйынтыгына таянып билдирди. Алардын сүйлөшүүсүндө түрк лидеринин АКШга сапарынын маселеси, анын ичинде мындай сапардын болжолдуу датасы талкууланды.

Гезиттин жазганына караганда, Америка администрациясынын программасында пландаштырылбаган кечигүүлөр жана шайлоо алдындагы чыңалууну эске алганда, Эрдогандын Вашингтонго сапары май айынын экинчи жумасында болушу мүмкүн.

«Буга байланыштуу Эрдоган менен Байдендин 9-майдагы сүйлөшүүлөрүнө көңүл бурууга болот», - деп жазат гезит.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын башында АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Стамбулдагы кабыл алуусунда болуп, Жакынкы Чыгыштагы жана Украинадагы жаңжалдарды талкуулаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости