www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 16-январда, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Талас облусунун Айтматов жана Бакай-Ата райондорунун жарандарын кабыл алды.

Кабыл алуунун жүрүшүндө билим берүү мекемелерин капиталдык оңдоо, кошумча корпус куруу, ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатуу, техникалык кызматкерлердин эмгек акысын көбөйтүү маселелери көтөрүлдү. Ошондой эле жарандар билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоону билдиришти.

Жолугушууга катышкандар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн аймактарда иш алып баруусунун маанилүүлүгүн белгилешип, жер-жерлердеги көйгөйлөр менен таанышуу коом менен бийликтин ортосунда ачык жана конструктивдүү диалог түзүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти. 

Эскерте кетсек, агартуу министри 14–16-январь күндөрү Талас облусунда иш сапары менен жүрөт. Иш сапардын алкагында Догдуркүл Кендирбаева авариялык абалдагы мектептерди кыдырып, аймактагы билим берүү тармагынын учурдагы абалы менен таанышты. Иш сапардын негизги максаты жер-жерлердеги көйгөйлөрдү аныктоо жана аларды чечүү жолдорун талкуулоо.

 

Последние новости