www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков баштаган делегация Анкара шаарына иш сапары менен барды. Сапар Түрк дүйнөсүнүн медиаторлор союзунун чакыруусу менен уюштурулду.
Делегация Анкарада Медиация борборуна барып, Түркияда колдонулган милдеттүү медиация модели менен таанышты. Ошондой эле түрк тараптын бир катар жогорку даражалуу өкүлдөрү менен жолугушуп, медиация тармагындагы кызматташтык маселелерин талкуулашты.
Сапардын жыйынтыгында тараптар тажрыйба алмашуу, медиаторлорду даярдоо жана эки өлкө ортосунда медиация жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашты.