www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын Түркстан шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн билим берүү министрлеринин IX жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Түркиянын билим берүү министри Юсуф Текин менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдирди.
Жолугушууда тараптар билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Анын ичинде STEM-билим берүүнү өнүктүрүү, жасалма интеллект багытындагы билим берүү программаларын ишке ашыруу, ошондой эле мугалимдер жана окуучулар үчүн алмашуу программаларын кеңейтүү боюнча пикир алышты.
Мындан тышкары, түрк тилдүү мамлекеттердин балдары үчүн жомок китептерин биргелешип даярдоо мүмкүнчүлүктөрү да каралды.
Тараптар билим берүү тармагындагы өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилешти.