www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
16-январда Дохада Израиль менен ХАМАС палестиналык кыймылынын ортосунда туткундарды бошотуу жана Газа секторунда ок атууну токтотуу боюнча келишимдин биринчи этабына кол коюлду. Бул тууралуу The Jerusalem Post гезити билдирди.
Гезиттин маалыматына ылайык, келишимдин биринчи этабы 42 күнгө созулат, ал эми ишке ашыруу кол коюлган күндөн эки-үч күндөн кийин башталат. Алгач 33 туткун бошотулат. Адегенде аялдар жана балдар, андан кийин аскер кызматынын аялдары, андан соң 50 жаштан ашкан эркектер жана "гуманитардык учурлар" катары жаштар бошотулаары аныкталган. Буга жооп катары Израиль өзүнүн түрмөлөрүндө кармалып жаткан 2 миңдей палестиналык айыпталуучуларды бошотот, анын ичинде 2023-жылдын 7-октябрындагы окуялардан кийин кармалгандардын 1 миңдейи да бар. Ал эми бошотулуучу палестиналык туткундардын ичинен 250гө жакын адам өмүр бою түрмөгө кесилгендер. Бирок, келишимдин алкагында 2023-жылдын 7-октябрында Израилге чабуул жасаган террорчулардын бири да бошотулбай турганы белгиленди.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси 16-январда Дохада Израиль, ХАМАС, АКШ жана Катар тарабынан туткундарды бошотуу жана ок атууну токтотуу келишимине кол коюлганын ырастады. Кеңсенин билдирүүсүнө ылайык, келишимди бекитүү үчүн коопсуздук министрлер кабинетинин жыйыны чакырылып, андан кийин толук курамдагы өкмөттүн отуруму өтөт. Добуш берүү 18-январда болот.