www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейинки президенттик шайлоолор астында адаттагысындай эле Кубанычбек Апас Москвадан учпай жатып эле кабар салып, анан ал «Манас» аэропортуна конгондо журналисттер утурлай тосуп алышчу. «Менден башка саясатчы Кыргызстанды оңдой албайт, башкалары бүт коррупционер, ууру» деп келген Доктор Апастын быйыл үнү чыкпайт.
Же бул каарманыбыз да мурдагы кемчиликтеринен сабак алып, шайлоого жакындаганда эле салабаттуу мүнөз менен ашыкча бакылдоону таштап, көнгөн жоругу менен хан тактыны талашууну күтүп жатабы? Же ар шайлоо сайын жыдый берип, көңүлү үч көчкөн журттай калдыбы?
Айтор, азырынча дымып турат. А күйөрмандары болсо Кубанычбек Апастын жоктугунан коңултактагандай болушуп, негизи жылмаюуну самап, күткөндөр арбын. Шайлоонун шаанисин авантюристтер менен шизофренниктер чыгарчу беле?..
Булак: “Азия Ньюс”