www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дональд Луну колдогон жарандар митингге чыгышты

11-декабрда АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын астына он чакты адам пикетке чыкты. Алар «Чын чычалайт», «Дос күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат», «Дональд Лу, биз сизди колдойбуз» деп жазылган плакаттарды көтөрүп турушту.

Чогулгандар АКШнын Бишкектеги элчиси Дональд Лунун быйыл 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого байланыштуу пикирин туура деп эсептей турганын айтышты.

Алардын бири Бишкек шаарынын тургуну Урмат Иманкулов: «Биз бул жерге кыйкырып, талап коёлу деп келген жокпуз. Биз өз оюбузду гана билдирип коёлу деп чогулдук. Дүйнөлүк аренада Кыргызстандын аброю төмөн болуп жатат. Ушундай кырдаалда трибунадан «элчи кетсин», «ал тентек бала» деп айткандарга каршыбыз. Биз орусиячыл да, америкачыл да эмеспиз. Биз кыргызстандыкпыз. Болгону Дональд Лунун 5-октябрда сүйлөгөн сөзүнүн тууралыгын гана айталы деп чыктык. Ал Кыргызстандагы коррупция тууралуу фактыны айтып жатса, биздикилер ага чычалап жатат», - деди ал.

Эске салсак, 5-декабрда АКШнын Бишкектеги элчиси Дональд Лу парламенттик шайлоодогу добуш сатып алуу сыяктуу көрүнүштөрдү сындаган. Октябрь окуяларынан кийин келген бийликтин Матраимовдун айланасындагы соңку чечимдерине токтолуп, иштин башталышы жакшы болгону менен жетишсиз чара көрүлүп жатканын айткан. Мындан соң Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Лунун билдирүүсүнө жооп кайтарып, анда «ички иштерге кийлигишүү менен тергөөгө басым кылуунун элементтери бар» деп сындаган.

Жогорку Кеңештин вице-спикери, парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесин баштап чыккан талапкер Мирлан Бакиров 10-декбарда парламентте билдирүү жасап, элчи Дональд Луну мамлекеттин ички ишине кийлигишип жатат деп айыптаган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости