www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамп 2019-жылы 446 миллион доллар киреше тапкан. Тийиштүү каржылык отчет АКШ өкмөтүнүн Этика башкармалыгынын сайтына жарыяланды.

Декларацияда Трамптын кирешесинин негизги бөлүгү ага тиешелүү Флоридадагы Мар-а-Лаго резиденциясынан ($21,4 млн.), Майамидеги "Doral" курортунан ($77,2 млн.) жана Вашингтондогу "Trump International" мейманканасынан ($40 млн.) түшкөнү көрсөтүлөт.

АКШ президенти кино, медиа жана китеп сатуу тармагынан да киреше тапкан.

Трамп 2017-жылы президенттикке киришип жатып бардык компанияларындагы кызматтарынан кетерин билдирген. Бизнести башкарууну уулдары Дональд менен Эрикке өткөрүп берген.

Трамп 2015-жылы байлыгы 8 миллиард долларга жакын экенин билдирген. Бирок "Forbes" анын байлыгы мындан эки эсе аз деп баалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости