www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Дональд Трамп америкалык Abbott ("Эбботт") компаниясы иштеп чыккан жаңы тестти Эй-би-синин эфиринде көрсөттү. Бул тест коронавирусту 15 мүнөттө аныктайт.
"Мен силерге өзгөчө бир нерсе көрсөтөм. Менде бүгүн эле чыккан жаңы тест бар", деген Трамп пиджагынын чөнтөгүнөн чакан картонду алып чыкты.
Трамптын айтуусунда бул тест сыртынан кагаздын үзүмү сыяктуу болуп көрүнгөнү менен, вирустун бар-жоктугун так аныктайт.
"Адамдар бул тестти өздөрү менен ала жүрүп, текшерилсе да боло берет. Бул тест өтө жөнөкөй, ошол эле учурда өтө так", дейт Трамп.
Белгилей кетсек, август айынын аягында АКШнын саламаттык сактоо жана социалдык кызматы америкалык "Abbott" компаниясы менен 760 млн. долларлык келишим түзүлгөнүн кабарлаган. Маалыматта тест коронавирусту 15 мүнөттө аныктай турганы айтылган. Атайын жабдыктарды талап кылбаган тесттер менен эң ириде мектептер жабдылары кабарланган.
Маалым болгондой, "Abbott" компаниясынын тесттерин мурдараак АКШнын Санитардык көзөмөл башкармалыгы да текшерип, уруксат берген. Анализдердин жыйынтыгы 15 мүнөттө чыгып, анын тактыгы 97,1% болору кабарланган. Тест менен чогуу мобилдик телефондор үчүн атайын тиркеме да иштелип чыккан. Анын жардамы менен эл көп жерде анализдин жыйынтыгын аныктоого болот.
Булак: NazarNews.kg