www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Дональд Трамп, Иран туурасында жаңы билдирүүсүн жарыялады.
Анда АКШнын президенти Дональд Трамп Твиттерден бүгүн жарыялаган билдирүүсүндө, бир канча күндөн бери өкмөткө каршы нааразылык акциялары уланып жаткан Иранда өзгөрүүнүн убагы келгенин айтты.
Трамп: «Иран, Обама башкаруучулугу менен түзгөн келишимге карабастан, бардык тармакта ийгиликсиз болууда. Иран элине көптөгөн жылдардан бери кысым көрсөтүлүп келе жатат. Тамак-аш жана эркиндик үчүн ачка турушат. Адам укуктары менен катар ирандыктардын байлыгы да таланып тонолду. Өзгөрүү убагы келди!»,- деп айтты.
Иранда өткөн бейшемби күнүнөн бери уланып жаткан өкмөткө каршы митингдерде 10дон ашуун киши каза болуп, көпчүлүгү Тегеранда жүздөгөн киши камакка алынды.
Булак: trt.net.tr