www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Дональд Трамп 23-февралда, Индияга барарда журналисттерге: "Зомбулукту азайтуу" макулдашуусу ийгиликтүү болсо, Кошмо Штаттар менен "Талибан" кыймылынын ортосундагы тынчтык келишимине кол коюлат", - деп билдирди.
"Менин оюмча алар да тынчтык келишимин каалайт, биз да каалайбыз. Менимче келишим түзүлөт". Тынчтык келишими АКШнын Куралдуу күчтөрүнө 19 жылдан кийин "үйүнө кайтууга жол ачары" деген президент.
Ал эми келишим тууралуу коомчулук ар кандай сын-пикирлерин айтышып: "Трамп президенттик шайлоого катуу даярдана баштады" деген сөздөрү да жок эмес.
Булак: NazarNews.kg