www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дональд Трамп камалабы?

Багдадда сот АКШнын президенти Дональд Трампты камакка алууга ордер берди. Бул тууралуу Associated Press (AP) агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, Трампка тагылган айып Ислам революциясынын сакчылар корпусунун тандалма аскер бөлүгүнүн кол башчысы Касем Сулейманинин өлүмүнө байланыштуу. Ал 2020-жылы январда АКШнын атайын операциясынын жүрүшүндө Багдадда каза болгон. Бул кол салуудан кийин Иран АКШнын Ирактагы аскердик базаларына ракеталык соккуларды жасаган.

AP агенттиги Трампты камакка алууга ордер берүү — символикалык гана окуя экенин белгиледи. Анткени дүйнөнүн кайсы гана өлкөсү болбосун, анын Иракка АКШнын учурдагы да, мурдагы да президентин өткөрүп берүү ыктымалдыгы өтө төмөн. Бирок формалдуу түрдө бул айып боюнча Иракта Трампты өлүм жазасы күтүп турат.

Саддам Хуссейндин бийлиги кулатылгандан кийин Ирак Вашингтондун аймактагы союздашына айланган. Бирок Сулейманинин өлүмүнөн кийин эки өлкө ортосундагы мамиле кескин начарлап кеткен. Ирак парламентинин шиит канаты бийликти өлкөдөн чет мамлекеттердин аскерлерин чыгарууга чакырган сунуш иретиндеги резолюциясын кабыл алган. Ошондон бери Иран колдогон топтор Ирактагы америкалык күчтөргө кол салууларды күчөтүшкөн. Буга байланыштуу Вашингтон Багдаддагы дипломатиялык өкүлчүлүгүн жабуу тууралуу ойлоно баштаган.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости