www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл башкарам деген адам чактап сүйлөп, сөзгө этият мамиле кылышы зарыл. Бул тууралуу экс-депутат Эсенгул Исаков NazarNews маалымат агенттигине билдирди.
«Негизи шайлоо убагында ар бир талапкер өз программасы менен элди тааныштырып, көпчүлүктүн ишенимине ээ болууга аракет кылышы керек. Бирок, тилекке каршы андай көрүнүштү көрбөй жатабыз.
Бир гана президенттикке талапкер региондорду кыдырып, элди өз программасы менен тааныштырып, суроолорго жооп берип жүрөт. Өкүнүчтүүсү, айрым талапкерлер дасыккан саясатчы болгонуна карабай, каралоо, доомат коюу менен гана чектелип жатышат.
Айтайын дегеним, Жогорку Кеңештин депутаты, фракциянын лидери жана бир топ мамлекеттик кызматтарды аркалаган талапкерибиз эл колдоого алган талапкерге доомат койгондон өйдө болбой калды. Ал 30-жылдан бери төмөн түшкөн элдин жашоо деңгээлин, чиеленген социалдык маселелерди, туура эмес жүргүзүлүп келген кадр саясатын жана энергетикадагы кемчиликти да Садыр Жапаровго жүктөдү.
Эл айткандай өздөрү бийлик бутагынын чокусунда ондогон жылдардан бери жүрүп, эмнеге өзү айтып жаткан маселелерди чечишкен эмес? Элдин көпчүлүгү Садыр Жапаров деп турганы үчүн аны бир жактуу каралап, чындыкка дал келбеген маалыматтарды айта башташты.
Эми Садыр Жапаров кытайдын агенти деген сөздү далилдеши керек. Ошондой эле, анын кытайдын агенти деген сөзүнө сөзсүз түрдө юридикалык баа берилиши шарт.
Себеби, мамлекетти башкарам деген адамдар ушак айтуудан, бирөөнү каралоодон жана элди бөлүп-жаруудан алыс болушу керек. Эл башкарам деген адам чактап сүйлөп, сөзгө этият мамиле кылышы зарыл.
Оюна келгенди айта берсе, бакан ооз болуп, элдин сыйынан, ишениминен кол жубат. Ошон үчүн, талапкерлер бирөөгө доомат коёрдон мурун, өздөрүнүн кадырын кетирип албоону да эстерине түйө жүрүшү керек», - дейт ал.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg