www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети президенттикке талапкерлердин биринин аялы У.К. чет элдик жаранды 5 миллион долларга алдап кеткенин аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, У.К. аттуу аял 2017-2018-жылдары А.О. аттуу башка аялдан чогуу бизнес кылабыз деп 5 миллион доллар алып, азыр аны кайтарбай жатат.

«Белгилей кетсек, алданып калган жаран чет элдик инвестор болгон жана каражатты өлкөнүн керектүү долбоорлоруна жумшоону пландаган. Ошондой эле У.К аттуу жаран КРдин президенттигине талапкерлердин биринин жубайы экенин айта кетели», - деп жазылган маалыматта.

Бул факты Жазык кодексинин 204-беренеси («Алдамчылык») боюнча каттоого алынган.

Сотко чейинки өндүрүш тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн прокуратурага жөнөтүлдү.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости