www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Тереза ​​Мэй АКШнын Конгрессинин Джозеф Байдендин күздөгү президенттик шайлоодо жеңишине макулдук берүү чечимин кубаттады. Бул тууралуу ал өзүнүн Twitter баракчасына жарыялады.

«Капитолийдеги кечээки коогалаңдуу окуялардан кийин мен Джозеф Байдендин кийинки президент болуп бекитилиши үчүн Конгрессти кубаттайм. Бийликти ирээттүү өткөрүп берүү - жетилген демократиянын белгиси. Көпчүлүк бийликке орун жок», - деп жазган ал.

Белгилей кетсек, шаршемби күнү Вашингтондо аны колдоп демонстрацияга чогулган АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамптын тарапкерлери акыркы шайлоонун жыйынтыгын бекитиши керек болгон жыйынды үзгүлтүккө учуратып, Конгресстин имаратына чабуул жасашты.

Тартип сакчылары көздөн жаш агызуучу газ жана граната колдонушкан. Вашингтондун полициясы билдиргендей, нааразычылык акцияларында төрт адам каза болду.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости