www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп Саламаттыкты сактоо жана социалдык кызмат министрлигине ушул жылдын биринчи кварталындагы айлык маянасын коронавирус менен күрөшүүдө дары-дармектерди иштеп чыгуу үчүн 100 миң доллар которду. Бул тууралуу жума күнү Ак үйдүн өкүлү Кайли Макинэни журналисттерге өткөргөн брифингде билдирди.

"Трамп коронавирусту дарылоо жана алдын алуу үчүн жаңы препараттарды иштеп чыгуу боюнча жүргүзүлүп жаткан аракеттерди колдоо үчүн Саламаттыкты сактоо жана социалдык кызмат көрсөтүү министрлигине 2020-жылдын биринчи чейрегиндеги айлыгын которуп жатат",-деди ал.

Март айынын башында Америка лидери пандемия менен күрөшүү үчүн 100 миң долларды өлкөнүн министрлигине өткөрүп берген.

Шайлоодон кийин Трамп президенттин айлык маянасынан бир жылдык, тагыраак айтканда 400 миң доллардан баш тарткан. Бирок, мыйзамга ылайык, ал төлөнүшү керек жана президент аны ар кандай кайрымдуулукка жумйшай турганын билдирген. Ошентип, ал айлыгын ички коопсуздук, ардагерлер иштери, транспорт министрликтерине өткөрүп берди.

Акыркы маалыматтарга таянсак, АКШда 1,58 млн адам илдетке чалдыкса, 95,2 адам оорудан көз жумду. Пандемия башталгандан бери дүйнө жүзүндө 5,1 млн адам коронавируска чалдыгып, 327 адам ооруга туруштук бере албай каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости